08 апрель 2026

Кароолор: 3

Облус башчысы Франциянын элчиси менен жолукту

Облус башчысы Франциянын элчиси менен жолукту

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Франциянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Фай мырза жана Ор департаментинин сенатору, Франция–Борбор Азия достук тобунун төрагасы Эрве Море мырза баштаган делегация менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар дүйнөдөгү глобалдык туруксуздуктун шартында тынчтыкты, туруктуулукту жана диалогду сактоого багытталган аракеттер өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.

Өз кезегинде Франциянын элчиси Николя Фай Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин сүйлөшүү жолу аркылуу жөнгө салуудагы жетишкендиктерин жогору баалап, мындан аркы кызматташтыкты чыңдоого багытталган аракеттерди кубаттады.

Облус башчысы Мамыржан Рахимов элчи мырзага иш сапары жана жылуу пикирлери үчүн ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар кыргыз-француз мамилелерин мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ал ошондой эле бүгүнкү жолугушуу аймактар аралык узак мөөнөттүү, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болоруна ишенимин билдирди.

Тараптар Баткен облусу менен Франция Республикасынын аймактарынын ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүү жана аны өнүктүрүү боюнча бир катар багыттарды талкуулашты.

Атап айтканда, мындай өнөктөштүк региондук башкаруу жаатында тажрыйба алмашууну, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо, туризм жана маданият тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну камтый турганы белгиленди.

Жолугушуу соңунда Франция элчиси облус башчысына Эркиндик,теңдик,бир туугандыкты чагылдырган,Франция республикасынын символикалык медалын тапшырды. Ал эми облус башчысы элчиге Баткен облусунун символу болгон Айгүл гүлү түшүрүлгөн белегин берди.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы